Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Орусия Молдованын бийлигин "саясий цензурага" айыптады


Чет өлкөгө качып кеткен Илан Шор видео конференция өткөрүп жатат.
Чет өлкөгө качып кеткен Илан Шор видео конференция өткөрүп жатат.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Молдованын бийлиги орус тилдүү алты телеканалды лицензиясынан убактылуу ажыраткандан кийин Кишиневду "саясий цензурага" айыптады.

«Молдова Республикасынын бийлиги улуттук маалымат майданын альтернативалуу көз караштын акыркыларынан тазалоо үчүн тоталдык цензуранын ыкмаларын колдонуу менен өлкөдөгү нааразылыктын кандай гана түрү болбосун жок кылуу багытын улантууда» - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарованын билдирүүсүндө.

Орусиянын ТИМнин өкүлүнүн сөзүнө караганда, Молдовада бийлик өз жарандарын өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар тууралуу «калпыс» маалыматтан коргоо деген жүйө менен миллиондогон орус тилдүүлөрдү маалымат алуудан ажыратып жатат.

Захарова республиканын жетекчилигин «маалымат алуу эркиндигин одоно бузуп, саясий цензурага жол берип» жатат деп айыптайт. Орусиянын дипломатиясы муну «улуттук азчылыктардын укуктарын келекелеп басмырлоо» деп кабыл алары да билдирүүдө айтылат.

15-декабрда Молдованын өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы ишкер Илан Шор менен байланышы бар өлкөдөгү орус тилдүү алты телеканалдын лицензиясын убактылуу токтоткон. Илан Шор мурда Молдовада банктан миллиард доллар жоголгонуна байланыштуу соттолуп, чет өлкөгө качып кеткен. Ал АКШнын жана Британиянын эл аралык санкциялар тизмесине да кирген.

2015-жылдын жазында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Молдовага жашыруун сапар менен барып, Кишиневде бейформал жолугушууларды өткөргөнү маалым болгон. Молдованын маалымат каражаттары Атамбаев Кишиневго Илан Шордун менчик Embraer Lagacy 650 учагы менен барганын жазышкан. Президенттик аппараттын кызматкерлери мамлекет башчы учактын акысын өзү төлөгөнүн кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG