Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Иранда белгилүү актриса камакка алынды


Таране Алидусти
Таране Алидусти

Иран бийлиги 2017-жылы "Оскар" сыйлыгын алган "Коммивояжёр" тасмасында башкы ролду ойногон актриса Таране Алидустини камакка алды. 38 жаштагы актриса Иранда бир нече айдан бери уланып жаткан нааразылык акцияларынын катышуучуларын колдоп сүйлөгөндөн кийин камалды. Ислам революциясын коргоочулар корпусун жактаган "Тасним" агенттиги ал фейк маалыматтарды жарыялаганы жана "башаламандыкты тутантканы" үчүн шектелип жатканын жазды.

Алидусти — өз муунундагы таасири күчтүү актрисалардын бири экенин The Guardian маалымдады.

Иранда массалык нааразылыктар башталгандан тартып Алидусти Инстаграмдагы баракчасы аркылуу демонстранттарды колдоп жазып турган. Анын хижабсыз, жалаң баш тартылган "Аялдар, жашоо, эркиндик" деген жазуусу бар кагазды кармаган сүрөтү миллиондон ашуун колдоого ээ болгон.

Камакка алынардын алдында Алидусти бир нече күн мурун каршылык акцияларына катышканы үчүн өлүм жазасына тартылган Мохсен Шекари боюнча пикирин билдирген эле. Учурда анын Инстаграм баракчасы ачылбай жатат.

Мохсен Шекари күч кызматкерлерин жарадар кылган “куралдуу аракеттерге” катышкан деген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, 8-декабрда дарга асылган.

Ирандагы соңку нааразылык акциялары эки жарым ай мурда тутанган. 13-сентябрда Тегерандын Адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн кармаган 22 жаштагы студент Махса Амини үч күндөн кийин абакта каза болгон. Полиция кыз жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуу катталды. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар көп болду.

Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атып жатат. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.

Ирандын бийлиги нааразылыкты басуу үчүн анда кармалгандарга катаал жаза берип, бир нече демонстрантты өлүм жазасына өкүм кылды. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдар митингге чыккандарга карата мындай өкүмдөрдү кескин айыптоодо.

Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) соңку статистикасында Ирандагы каршылыктардын курмандыктары 470ке жеткенин маалымдады. Анын 64ү жаш бала.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG