Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Лейлекте Тажикстандын атуулу мал уурулукка шек саналып кармалды


Кыргыз-тажик чек арасындагы милиция бөлүмү. Максат айылы, Лейлек району.
Кыргыз-тажик чек арасындагы милиция бөлүмү. Максат айылы, Лейлек району.

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда мал уурулукка шек саналып 29 жаштагы тажик жараны кармалды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, шектүү кармалган учурда Кыргызстандын аймагында жүргөн.

Маалыматта Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагына караштуу Арка 2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну милицияга үлүш жайындагы тогуз баш бодо малы уурдалганын билдирип кайрылган.

Бул факт Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы үч тургуну кармалган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар коңшу Тажикстандын Согд облусунун Б.Гафуров районунун Хистеварс айылынын 29 жаштагы У.Н.аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпысынан жети жолу мал уурдаганы аныкталган", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Кыргызстан менен Тажикстандын абактарында эки өлкөнүн жарандары түрдүү кылмыштарга шек саналып, кармалып турганы кабарланып келет.

Быйыл май айында кыргыз-тажик башкы прокурорлору Баткен шаарында жолугушуп, эки өлкөнүн абактарында жаткан жарандарды алмашууну макулдашкан. Натыйжада эки тараптан 11ден киши мекенине кайтарылган. (JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG