Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Абакта ачкачылык кармагандар президентке кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын айрымдары (коллаж).
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын айрымдары (коллаж).

Абакта 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрү - Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Айданбек Акматов, Акылбек Айтбаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бусурманкулов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров жана Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) президент Садыр Жапаровго кайрылуу жарыялашты.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууда Кыргызстанда сот, парламент, укук коргоо органдары бир колго топтолуп авторитардык бийлик орнотулганы жазылган.

“Биз сизге (Садыр Жапаров), кыйналып темир тордун артында отурсак да, жакындарыбызга, санаалыштарыбызга ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан куугунтук, басым болуп атса да, Кыргызстанда эркиндик, демократия үчүн күрөшкөн, күчтүү саясий оппозиция, күчтүү жарандык коом, күчтүү укук коргоочулар жана күчтүү журналисттер бар экенин далилдейбиз. Ачкачылык кармаган, “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугуна мындан ары сиз, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев керт башыңар менен жооптусуңар”, - деп айтылат кайрылууда.

15-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын саны 19га жеткен. Ушул тапта бул иш боюнча камактагы саясатчы, активист аялдар Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова да ачкачылык кармоодо.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ачкачылык жарыялаганы тууралуу 17 адам арыз бергенин кабарлады.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга - 20-февралга чейин узарткан. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар өлкөдө башаламандык уюштурууну пландашканын, бул ишке сот чекит коёрун айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG