Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кыргызстанда бардык мектептер онлайн окутууга өттү


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү.

Бул тууралуу 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин 509 мектеп, 168 бала бакча карантинге жабылган болчу.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG