Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин кире албайт


Болот Темиров сот отурумдарынын биринде.
Болот Темиров сот отурумдарынын биринде.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин киргизилбейт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 14-декабрда парламентте депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Маалымат боюнча, анча оор эмес кылмыш кылган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга беш жыл, ал эми өтө оор кылмыш жасагандар өмүр бою киргизилбейт.

Журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн билдирип келет.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG