Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

"Чек арасыз кабарчылар": 2022-жылы дүйнөдө 57 журналист каза болду


Украинада тартылган сүрөт.
Украинада тартылган сүрөт.

“Чек арасыз кабарчылар”эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, 2022-жылы дүйнө жүзүндө 57 медиа кызматкери каза болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 19 пайызга көп. Ошондой эле 65 журналист барымтада, 49у дайынсыз.

14-декабрда жарыяланган баяндаманын авторлору муну башка жагдайлар менен катар Украинадагы согушка да байланыштырууда. Украина быйыл медиа кызматкерлери үчүн Мексикадан кийинки экинчи эң кооптуу өлкө болуп калды. Чек арасыз кабарчылар уюму белгилегендей, 2022-жылы Украинада сегиз журналист өз милдетин аткарып жатканда каза болгон.

Уюмдун эсебинде, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 533 журналист камалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,4% көп. Кармалган журналисттердин 15% аялдар.

Мындай учурлардын жарымынан көбү беш өлкөгө: Кытай, Мьянма, Иран, Вьетнам жана Беларуска туура келет. Кытайда түрмөдө 110, Иранда 47 медиа кызматкери бар - алардын айрымдарын өкмөткө каршы демонстрацияларды чагылдырганы үчүн өлүм жазасы коркунучу тооруп турат.

Май айында жарыяланган “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2022” баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 72-орунду ээлеген. Күзүндө журналист Болот Темировдун кармалып, өлкөдөн чыгарылышы, бир катар блогерлердин камакка алынышы, "Азаттык Медианын" сайты, банк эсеби бөгөттөлүшү - өлкөдөгү сөз эркиндигин артка тартканын укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар билдирип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG