Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Депутат Бишкекте "кызыл сызыктагы" курулуш кайра башталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жогорку чыңалуудагы электр зымдары өтүүчү жердеги “кызыл сызыкка” салынып жаткан мыйзамсыз курулуш боюнча иштер кайра башталганын бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди. Ал аталган объектинин ээси борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштарга каршы түзүлгөн депутаттык комиссияны “тоготпой жатканын” айтты:

“Көпчүлүк мыйзамсыз курулуштар токтогон эле. Бирок А.Токомбаев 35 дарегиндеги мыйзамсыз курулуш кайрадан 10 күн болду, жанданып, жумушун баштады. Ар бир келген калаа башчы өзүнө ылайык кылып башкы планды өзгөртө береби? Ал жерде жолдун боюнда, “кызыл сызыкта” экени көзгө көрүнүп турат, ал жерде жогорку чыңалуудагы чубалгы өтүп жатат”.

Бишкек мэриясы жана тийиштүү мекемелер депутаттын билдирүүсү боюнча маалымат же комментарий бере элек.

Башкалаадагы башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн быйыл апрель айында Жогорку Кеңеште 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Исхак Масалиев, Аида Исатбек кызы, Винера Раимбачаева, Тазабек Икрамов, Алишер Козуев, Жаныбек Абиров, Азамат Исраилов, Медербек Алиев, Элвира Сурабалдиева, Дастан Бекешев жана Шайлообек Атазов кирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG