Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

Украин Башкы штабы: Орус армиясы төрт багытка чабуул коюуга камынууда


Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Запорожье багыттарында чабуул жасоону көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу 13-декабрдагы кечки расмий маалыматта айтылды. Ошол эле учурда башка багыттарда орустар украин армиясынын чабуулун кайтарууга аракет кылууда. Ушул күнү Орусиянын армиясы Херсонду аткылады, эки киши өлүп, бешөө жараат алганы кабарланды.

Херсон облустук аскердик башкармалыгынын жетекчиси Ярослав Янушевич билдиргендей, каршы тарап пахтаны кайра иштетүү фабрикасы жайгашкан кичи районго чабуул койду.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Валентин Резниченко 12-декабрдын кечинде орус аскерлери аймактагы бир катар калктуу конуштарды катуу аткылаганын кабарлады. Никопол шаарында ондогон имараттар зыян тартып, электр чубалгылары үзүлгөн. Тургундардын арасында жабыркагандар жок экени айтылууда.

Орусиянын оккупациялык администрациясы Мелитополго жакын жердеги автокөпүрө жардырылганын маалымдады.

Запорожье облусунда Орусия басып алган Мелитопол шаарынын четинде эки жолу жардыруу болуп, жол көпүрөгө олуттуу зыян келтирилген. Орусия дайындаган администрациянын өкүлү Владимир Рогов муну украиндерден көрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG