Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Беларуста Тихановская “экстремисттик” уюм түзгөн деп айыпталды


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларуста саясатчы Светлана Тихановскаяга, күч түзүмүнүн мурдагы кызматкерлери Александр Азаровго жана Валерий Сахащикке "экстремисттик уюм түзгөн же ага катышкан" деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Кеп Тихановская жана анын санаалаштары түзгөн "Посполитое рушение" уюму жөнүндө болуп жатат. Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясы аны “аскерлештирилген экстремисттик уюм” деп эсептейт.

Беларустун Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында 200дөн ашуун адамга карата тергөө жүрүп жатат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, алар башка "экстремисттик уюмдар" менен бирге Беларуска кайтып келип, "диверсия, терроризм жана агенттик иштерин жүргүзүүгө камынган".

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жана анын санаалаштары куугунтуктан улам 2020-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG