Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

Британ чалгын кызматы: Орусия Донбасста ийгиликке жетиши күмөн


Донецк облусунда тартылган сүрө.
Донецк облусунда тартылган сүрө.

Британ чалгын кызматынын айтымында, Орусия дагы эле Донбасс аймагына тереңдеп кирүүгө аракет кылып жатат, бирок ийгиликке жетиши күмөн.

8-декабрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дагы бир жолу Орусиянын Украинанын аймагына басып киришинин максаты - Донбасстын жана Украинанын түштүк-чыгышынын элин “коргоо” экенин билдирген. Британ чалгындоо кызматынын жаңы баяндамасында бул комментарий Орусиянын согуштагы саясий максаттарынын өзгөрбөгөнүн көрсөткөнү айтылат.

Анткен менен чалгын кызматынын адистери Орусиянын кургактагы күчтөрү жакынкы бир нече ай ичинде Донецк аймагына терең кире албайт деп эсептешет.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери салгылашуу уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG