Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Айга учкан "Орион" кемеси жерге кайтып келди


Кеменин Жерге түшүп жаткан учуру.
Кеменин Жерге түшүп жаткан учуру.

Айга сыноо үчүн учурулган америкалык "Орион" космостук кемеси 11-декабрда Жерге кайтып келип, Бишкек убактысы менен 23:40та Калифорниянын жээктеринде Тынч океанга түштү. Бул учур НАСАнын YouTube каналында көрсөтүлдү.

Кеме 16-ноябрда учурулган. Үч жарым жума бою ал Айга жакындап, 1969-жылы "Аполлон-11" космостук кемеси конгон жерден өттү. "Артемида-1" миссиясынын планына ылайык, бул максималдуу жакындашуу болду.

Учуп баратканда ал жерге сүрөттөрдү жана видеолорду жиберип, НАСА менен түз байланышта болду.

Кеме пландалгандай 11-декабрда Жерге кайтып келди. Миссия ийгиликтүү аяктаса, кеме экипаж менен бирге экинчи сапарга аттанары айтылган. Үчүнчүсүндө, 2024-жылы Айга астронавттарды кондурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG