Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:36

Алтын кениндеги кырсыктын себебин иликтөөгө байланыштуу сын айтылды


Кен казуу, Кыргызстан.
Кен казуу, Кыргызстан.

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында тоо-кен тармагындагы башаламандыкка байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сын айтылды.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Алишер Эрбаев Чаткалдагы Full Gold Mining компаниясында кен казуу маалында болгон кырсыкты эскертти.

"Ала-Бука, Чаткалдагы Full Gold Mining боюнча кырдаал... Биздин ал жакта 13 жараныбыз жараат алды, экөө каза болду, мунун себептерин аныктоону министрден талап кылганыбызга эки ай болду. Дагы деле жооп жок. Коомчулук кайрылып, эл сурап жатат. Динара Кутманова, азыркыга чейин иликтөөнүн жыйынтыгын бере элексиз".

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова текшерүү иштери ишкерлерге алдын ала он күн мурда айтылып жүргүзүлгөндүктөн, кен казуу тармагын көзөмөлдөө мүмкүн эмес болуп жатат деп жооп берди.

Ала-Букадагы алтын кендеги кырсык 11-октябрда болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Жалпысынан ондон ашык киши ууланып, ооруканага кайрылган.

Ууланган адамдардын баары Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттө мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG