Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Кабулдун борборуна "талибдердин глобусу" орнотулду


Кабулга орнотулган "талибдердин глобусу". 8-декабрь, 2022-жыл.
Кабулга орнотулган "талибдердин глобусу". 8-декабрь, 2022-жыл.

"Талибан" радикалдык кыймылы Кабулга орноткон глобуста Ооганстандын аймагы мамлекеттин реалдуу аянтынан ашып, коңшу өлкөлөрдүн жерлерин ээлеп турат.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, "талибдердин глобусунун" версиясында Ооганстандын аймагына Иран, Пакистан жана Борбор Азия мамлекеттеринин жерлери кошулуп, өлкө Казакстан менен чектешет. Корея жана Дания аралга айланып, Түркия европалык бөлүгүнөн "кол жууган". Ал эми Катар, Эстония жана Тайван глобуста жок.

Социалдык түйүндө "Талибан глобусу" сынга кабылып, колдонуучулар анын авторлорунун "сабатсыз" экенин белгилешүүдө. Инсталляцияны жасаган Исматулла Хабиби "мамлекетти картадан көрүнө тургандай кылып көрсөтүү" үчүн Ооганстандын көлөмүн өзгөрткөнүн айткан.

"Талибан" Ооганстанда 2021-жылдын августунда бийликке келген. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү аны тааный элек. Талиб өкмөтү башка жерлерге ээ эместигин жана Ооганстандын аймагын коңшу өлкөлөргө каршы аракеттер үчүн пайдаланууга уруксат бербей турганын бир нече жолу билдирген.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы сот чечими менен экстремисттик уюм деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG