Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Өзбекстанда калктын саны 36 миллиондон ашты


Өзбекстандык кыздар улуттук кийимчен отурушат.
Өзбекстандык кыздар улуттук кийимчен отурушат.

Өзбекстанда калктын саны 36 миллиондон ашты. Бул тууралуу 9-декабрда өлкөнүн Статистика комитети билдирди. Расмий эсепте өзбекстандыктардын теңинен көбүн эркектер түзөт.

Мурдараак статком элдин 50 пайыздан көбү шаарларда, 49 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашай турганын маалымдаган.

Борбор Азия чөлкөмүндө калкы эң көп өлкө эсептелген Өзбекстан элинин саны боюнча дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин арасында 41-орунда турат.

Өзбекстандын кошуналары - Казакстанда 19 миллион 700 миң чамалуу, Тажикстанда 9 миллион 500 миңден көп, Кыргызстанда 7 миллион калк бар. Түркмөнстанда 6 миллиондун тегерегинде экени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG