Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Вудворд: Орусия Ирандан кошумча курал алууга аракет кылып жатат


 Барбара Вудворд
Барбара Вудворд

Улуу Британиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Барбара Вудворд Орусия Ирандан кошумча куралдарды, тагыраагы жүздөгөн баллистикалык ракеталарды алууга аракет кылып жатканын билдирди. Элчинин белгилешинче, анын ордуна Москва Тегеранга көптөгөн аскердик жана техникалык жардам сунуштаган. Азырынча буга Орусия же Иран комментарий бере элек.

Октябрь айынан бери Украинага Орусия тынымсыз абадан сокку уруп, энергетикалык тармагын талкалап жатат. Одессага 10-декабрда жасалган чабуулдан улам облус жарыксыз калды. Reuters агенттиги жазгандай, бир жарым миллион калкты жарыксыз калтырган соккулар үчүн Иранда жасалган “жанкечти” дрондор колдонулган.

Өлкө чыгышындагы Донбасс аймагында кырдаал оор. Зеленский украин армиясы Орусиянын чабуулунун мизин кайтарып, бирок бул көптөгөн жоготуулар менен коштолуп жатканын айтты. Анын белгилешинче, Бахмут, Соледар, Маринка, Кременная жана башка райондор талкаланды.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин күз келгени контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты. Москва Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын аннексиялап алганын дүйнө тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG