Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Активист Улукбек Маматаев 20-февралга чейин камакта калды


Улукбек Маматаев.
Улукбек Маматаев.

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде айыпталган активист Улукбек Маматаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калды. Бул чечимди 10-декабрда Биринчи май райондук соту чыгарды.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция алар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Эл аралык адам укугун коргогон уюмдар активисттердин камалышын сындаган билдирүүлөрдү таркаткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG