Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Еврошаркет орусиялык компаниялардын 19 млрд. евро эсебин жапты


Жабылган эсептерге кыймылсыз мүлктөрдүн, тик учактардын, яхталардын жана кымбат сүрөттөрдүн да баасы кирген.
Жабылган эсептерге кыймылсыз мүлктөрдүн, тик учактардын, яхталардын жана кымбат сүрөттөрдүн да баасы кирген.

Европа Биримдиги Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу орусиялык компаниялардын жана олигархтардын 19 миллиард еврого жакын эсебин жапты.

Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы AFP агенттигинин статистикасына таянып жазды. Баарынан көп, тактап айтканда 3,5 миллиард евролук эсеп Бельгияда жабылды. Андан кийинки орунда Люксембург (2,5 миллиард евро) менен Германия (2,2 миллиард евро) турат. Жабылган эсептерге кыймылсыз мүлктөрдүн, тик учактардын, яхталардын жана кымбат сүрөттөрдүн, буюм-тайымдардын да баасы кирген.

Буга чейин Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Борбордук банкынын 300 милилард евро эсеби жабылып турганын билдирген. Конфискацияланган каражаттарды Орусиянын согушунан жапа чеккен Украинага кенемте катары берүү планы тууралуу айткан.

Москва чет өлкөлөрдө орусиялык активдерди конфискациялоо аракеттерин "эл аралык каракчылык" деп атаган.

Евробиримдик бейшембиде, 8-декабрда Орусияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин сунуш кылган. Анда "кара тизмеге" 200 адам жана мекеме-уюмдар киргизилген.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Согуштан Украинанын басымдуу аймагынын инфраструктурасы талкаланып, энергетика тармагынын 40% жабыркаганы кабарланды. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткен украиналыктардын саны 10 миллионго чукулдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG