Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Ноокен: өкмөт өкүлдөрү төрт баласы майып үй-бүлөдөн кабар ала элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда төрт баласы майып Жанузак Калбаевдердин үй-бүлөсүнөн өкмөт өкүлдөрү азырынча кабар ала электигин алардын жакын тууганы "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, райондук ооруканадан гана телефон чалып, майыптыгы бар балдарды дагы бир сыйра медициналык кароодон өткөрүү тууралуу айтышкан.

Мунун алдында "Азаттык" бул үй-бүлө тууралуу атайын берүү даярдаган. Анда төрт жеткинчекке тең сколиоз же омуртка тутуму кыйшайган деген диагноз коюлганы айтылган. Аларды Индиядан дарылатуу үчүн акчадан каржалган ата-энеси коомчулукка кайрылып, жардам сураган.

Бул берүүдөн кийин Калбаевдердин үй-бүлөсүнө байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков көтөрүп, ошол жерден эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге кайрылган.

"Ноокен районунда төрт баласы тең омуртка оорулары менен ооруган Жанузак Калбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу "Азаттыктан" чыгып жатат. Сиздерден ошолорго жакшы жардам болсо, ошолордун маселеси каралса. Аларга операция жасалабы, айтор мамлекеттен көңүл бурулса. Төрт баласы болсо төртөө тең бир дарт менен ооруйт экен", - деген депутат.

Бакыт Төрөбаев бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын айтып убада берген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 202 миңден ашат жана алардын 35 миңге чукул балдар. Ушул жылдын июль айынан тарта 18 жаштан жогорку 1- топтогу майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилген. Майыптыгы бар адамдарды караган жардамчылардын саны 8,5 миңге чукул жана алардын маянасына бюджеттен жылына 305, 7 миллион сом бөлүнөт.

Төрт бир туугандын балалыгын уурдаган дарт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG