Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Сариев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине талапкер болду


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенттигине талапкерлигин койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сариев өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кетүү үчүн арыз жазган. Мындан улам Соода-өнөр жай палатасынын кезексиз курултайын 19-декабрда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бул органдын регламентине ылайык, президенттикке талапкер болуп палатада буга чейин мүчө болуп келген, экономикалык чөйрөдө жана мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам каттала алат. Сариев буга чейин палатада жетекчинин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп келген.

59 жаштагы Темир Сариев өлкөдө саясатчы жана экономист катары белгилүү. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, финансы, экономика министри жана 2015-2016-жылдары премьер-министр болуп иштеген.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG