Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Путин Украинадагы согуш узакка созулушу мүмкүн экенин айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согуш "узак процесске" айланышы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле Орусиянын Украинанын бир катар аймактарынын аннексиялашын "операциянын маанилүү натыйжасы” деп сыпаттады.

7-декабрда Путин президенттин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту. Кеңештеги көпчүлүк Кремлдин саясатын толугу менен колдойт.

Путин Украинадагы согуш тууралуу сөз кылганда "атайын операция" дегенден тышкары "согуш" деген сөздү да айтып, аны "украин бийлиги 2014-жылы баштаганын" билдирди.

Орусия менен Батыштын тирешине байланыштуу өзөктүк согуш коркунучу тууралуу суроого жооп бергенде, Путин мындай "коркунуч күчөп жатканын" айтты. Ал Москва эч кандай шартта өзөктүк куралды колдонбойт деп кепилдик берүүдөн баш тартты. Ошол эле маалда ал орус бийлиги “өз акылында экенин” белгиледи. Путиндин айтымында, Орусия "улуттук кызыкчылыктарды" биринчи кезекте "тынчтык жолу менен", бул жардам бербесе "бардык жолдор менен" коргоону көздөп жатат.

Путин мобилизациянын экинчи толкунуна муктаждык жоктугун билдирди. Анын айтымында, азыр чакырылган 300 миң жарандын жарымы “атайын операция” зонасында, алардын да жарымы фронтто экенин кошумчалады.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, аннексияланганын жарыялаган. Украина мурда орус аскерлери басып алган аймактардын бир бөлүгүн кайтарып алууга жетишти. Москва Украинанын төрт облусун аннексиялап алганын дүйнө тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG