Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Улуттук банк чек арада жабыркагандардын насыялары боюнча маалымат берди 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы Баткен, Ош облустарындагы чек ара чатагында жабыркагандар арасында насыясы барларга колдоо көрсөтүү токтомун чыгарган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Финансы-насыя уюмдарга 474 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 974 миң сомдук 298 насыя жоюлуп, 38 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланды. Учурда арыздарды кароо уланып жатат.

14-17-сентябрдагы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алды. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар болгон.

17-сентябрда Чек ара кызматы Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясы тажик тараптан аткылоого кабылганын кабарлаган. Ок атышуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG