Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:58

Жакындары абактагы Рита Карасартованын ден соолугу начарлаганын билдиришти


Рита Карасартова
Рита Карасартова

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган укук коргоочу Рита Карасартова ооруп калып, саламаттыгы начарлап кеткенин кызы Касиет Мамырбай "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Карасартова тергөө абагында медициналык кароодон өткөндө калкан бези жабыркап, лимфа бездери эки жеринен шишип кеткени аныкталган. Учурда ал тергөө абагынын ооруканасында дарыланып жатканы белгилүү болду.

Буга чейин Биринчи балдар хосписинин жетекчиси Ольга Труханова Карасартованын саламаттыгы начарлаганын Фейсбукка жазып, Кыйноолорго каршы улуттук борбордон жана Акыйкатчы институтунан аны ооруканага которууга жардам берүүнү суранган.

Жаза аткаруу кызматы укук коргоочунун абалы тууралуу маалымат бере элек.

23-24-октябрда Кыргызстанда кармалган 30га жакын саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлердин катарында Рита Карасартова дагы бар. "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги кармалгандарды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптап, алардын күнөөсү боюнча далил жетиштүү экенин билдирген.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдиришип, бийликти камактагыларды бошотууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG