Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

Financial Times Владимир Зеленскийди "Жылдын адамы" деп жарыялады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Британиянын Financial Times басылмасы Украинанын президенти Владимир Зеленскийди "Жылдын адамы" деп жарыялады.

2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып, Зеленскийге арналган макалада украин лидери өз элинин кайраттуулугунун жана тайманбастыгынын символу болуп калганы белгиленген.

Financial Times сыпаттагандай, 44 жаштагы Зеленский "империяны калыбына келтирүүгө ашыккан" орус президенти Владимир Путинге такыр карама-каршы келет.

Басылма Зеленскийди Экинчи дүйнөлүк согуш маалында британдарды бириктирүү үчүн радиодо сүйлөп турган мурдагы премьер-министр Уинстон Черчиллге салыштырган. Зеленский бул үчүн социалдык тармактарды колдонууда.

Макаланын авторлорунун айтымында, согуштагы эң маанилүү жагдайлардын бири - Орусия чабуул койгондо Зеленский АКШнын эвакуация тууралуу сунушун кабыл албай, Киевде калууну чечкени болду. Бул аракети менен Украинанын президенти армияга жана элге баскынчыларга каршы турууга шык берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG