Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

Эскирип бараткан жер семирткич маселеси парламенттик комитетте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республиканын түштүк аймагында дыйкандар мөөнөтү өтүп кеткен жер семирткичтин айынан түшүмүнөн зыян тартып калышы ыктымал деген кооптонуусун 5-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев билдирди. Ал кеп өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген селитра жөнүндө болуп жатканын белгиледи:

“Азыр түштүк жакта коңшу мамлекеттерден аткезчилик жолу менен кирген селитра көбөйдү. Баасы 26-29 сом. Бул да силердикине окшогон, жарактуу мөөнөтү өтүп бараткан. Аларга чыгып келатканда мешогун жана этикеткасын кошуп берет экен. Биздикилер жаңы мешокко салып, этикеткасын тигип, жаңы деп сатып жатат. Аны дыйкандар билбейт, эртең колдонот, а үрөн кандай натыйжа берет, белгисиз”, - деди депутат Эрбаев жеке ишкерлер сатып жаткан жер семирткич тууралуу.

Ишкерлер сунуш кылган жер семирткичтен тышкары дыйкандарга жардамын өкмөт да убада кылган. Бул үчүн быйыл жазында Өзбекстанга бюджеттен 917 миллион сом которуп, 20 миң тонна жер семирткич сатып алмай болгон, бирок анын 4977 тоннасы гана келген. Бүгүнкүгө чейин мунун 7 миң тоннасы сатылды.

Комитеттин 31-октябрдагы жыйынында Өзбекстандан сатылып алынган жер семирткичтин пайдаланылбай калганына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев беш миң тоннадай жер семирткич жарым жылдан бери Материалдык резервдер фондуна сакталып турганын сынга алган. Ошондой эле өкмөт жер семирткич сатып алуу үчүн Өзбекстанга которгон акчанын калганын алып келе албай жатканын билдирген.

Бүгүнкү жыйында Өзбекстандан сатылып алынган жер семирткичтин жарактуу мөөнөтү өтүп баратканы айтылды.

Жазында селитранын баасы эки эсе кымбаттап кеткен. Анда жеке компаниялар алып келген жер семирткичтин дүң баасы 38 сом болсо, өкмөт алып келгендики 46,7 сомго жеткен. Мындан улам аткезчилик күчөгөн учурлар катталган.

Бүгүн Айыл чарба министрлигинин департамент башчысы Дыйканбай Кенжебаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып монополия мекемеси Өзбекстандан сатылып келген селитранын калганынын баасын 30 сом кылып бергенин, азыр кампада сакталып турган калдыктын баарын 25-декабрга чейин сатып түгөтүү планы коюлганын билдирди. Ошондой эле ал селитранын жарактуу мөөнөтү 6 ай деп көрсөтүлгөнүн, мешоктордун сырты катый баштагандыктан сапаты текшерилгенде “физиологиялык өзгөрүүлөр бар, бирок химиялык курамында өзгөрүү жок, азоттун курамы тийиштүү 34%” деген жыйынтык чыкканын кошумчалады.

Ал эми Өзбекстанда калган акча боюнча ал “Матрезервдин маалыматы боюнча, бүт каражатты кайра алып келишкен” деди. Депутаттар муну тастыктаган документтерди көрсөтүү керектигин айтышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG