Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Кара-Балтада белгисиз бирөөлөр зергерди атып кетти


Кара-Балта шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Балта шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

1-декабрда саат 7:48де Кара-Балта шаарындагы "Батыш" деп аталган аймакта башына ок жеген белгисиз адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат Жайыл райондук милициясына түшкөн.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркум 48 жаштагы Х. И. аттуу жаран экенин аныкташкан.

Бул факт Жайыл РИИБүндө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда иш боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүдө.

Бул окуяга күбө болгондор социалдык тармакка жазышкандай, маркум алтындан зер буюмдарын жасап саткан ишкер болгон. 1-декабрда таң эрте белгисиз бирөөлөр анын автоунаасын торой токтотуп, башка атып кетишкени айтылууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG