Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

Мариуполдо украиналыктардан калган мүлктүн тизмеси түзүлүп жатат


Мариуполдо талкаланган үйлөр.
Мариуполдо талкаланган үйлөр.

Орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Мариуполдо украиналыктардан калган кыймылсыз мүлктүн тизмеси түзүлүп жатат.

Украин активисттеринен турган Улуттук Каршылык көрсөтүү борбору мүлктөр мамлекеттин эсебинен конфискацияланып жатканын билдиришти.

"Душмандар бул мүлктөрдү "менчиксиз" деп каттап, реестрге кошуп жатышат. Эгерде бул мүлктүн ээси бир жыл ичинде келбесе, муниципалдык менчиктин эсебине киргизилет", - деди борбордун активисттери.

Бирок украиналык жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, Мариуполдун Орусия дайындаган администрациясы түзүп жаткан бул реестр юридикалык күчкө ээ эмес.

Быйыл жазында орус аскерлери Бердянск жана Мариуполь портторун көзөмөлгө алып, Украинанын Азов деңизи менен байланышын үзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG