Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Путин менен Мирзиёев "Газ биримдиги" демилгесинен кийин сүйлөштү


Өзбекстандын президентинин администрациясы тараткан сүрөт.
Өзбекстандын президентинин администрациясы тараткан сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондо стратегиялык шериктештикти талкуулады.

Расмий Ташкент сүйлөшүү 30-ноябрда болгонун кабарлады, бирок аны ким демилге көтөргөнү айтылган жок.

Эки өлкө тең сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу окшош билдирүү таратып, соода-экономикалык шериктештикке байланыштуу 1-2-декабрь күндөрү Самаркандда өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болорун белгилешти.

Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен үч тараптуу "газ биримдигин" түзүүнү көздөп жатканы 28-ноябрда белгилүү болгон. Ал күнү Москвага расмий сапар менен барган казак президенти Путиндин көгүлтүр от тармагындагы кызматташуу сунушун айтып, жакын арада орус лидери Мирзиёевге телефон чаларын билдирген.

Путин менен Мирзиёевдин телефон сүйлөшүүсүндө газ биримдиги тууралуу сөз болгону расмий кабарланган жок.

Украинага басып киргенден кийин Батыштын катаал санкциясына кабылып, экономикалык изоляцияда калган Орусия Борбор Азия мамлекеттери менен экономикалык алака-катышты күчөтө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG