Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Гуанчжоуда коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди


Кытайдын Шанхай шаарындагы локдаунга каршы нааразылыктар. 27-ноябрь, 2022-жыл.
Кытайдын Шанхай шаарындагы локдаунга каршы нааразылыктар. 27-ноябрь, 2022-жыл.

Кытайдагы соңку нааразылык митингдеринен кийин Гуанчжоу шаарында коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди. Бир катар райондордо COVID-19 вирусуна жапырт тест алуу токтотулуп, мурдараак киргизилген локдаун режимдери жоюлду.

Мунун алдында ушул эле шаарда жана өлкөнүн башка калааларында полиция менен кагылышуулар катталган. Гуанчжоунун өзүндө жекшембиде тургундар полиция менен кыйла тирешкен.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган.

Ушул күндөрү да Кытайдын бир нече шаарларында жана андагы университеттердин кампустарында каршылыктар уланууда. Чоң шаарлардын көчөлөрүн полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүп жатат. Басылмалар таратып жаткан видеолордо көчөдөгү бирин-серин адамдар кармалып жатканын көрүүгө болот.

Митингге чыккандар алгач эпидемиялык чараларды жумшартууну талап кылышкан. Кийин алар Кытайдын лидери Си Цзинпиндин кызматтан кетишин талап кылып, башкаруучу Коммунисттик партиянын саясатын сынга алышкан жана өлкөдө демократиялык реформаларга баруу чакырыктарын ташташкан.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай келишкен. Эшиктер бекитилгендиктен, өрт чыккан маалда жашоочулар үйүнөн чыга албай калган деп кабарланып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG