Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Украинанын Испаниядагы элчилигинде жардыруу болду


Украинанын Мадриддеги элчилигинин имараты.
Украинанын Мадриддеги элчилигинин имараты.

Испаниянын борбору Мадридде Украинанын элчилигинде жардыруу болуп, мекеменин бир кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Олег Николенко Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.

Николенко билдиргендей, элчиликке почтадан келген конверт жарылып кеткен. Инцидент катты имараттын коменданты карап жаткан учурда катталган. Анын өмүрүнө коркунуч жок.

Окуя болгон жерде иликтөө жүрүүдө. Испаниялык Elpais басылмасы жазгандай, жабырлануучу ооруканага жеткирилип, дарыланууда.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба испаниялык кесиптешине кайрылып, элчиликте катталган окуяны тыкыр иликтөөгө алууну өтүндү. Ал ошондой эле чет жактагы украин элчиликтеринин баарында коопсуздукту күчөтүү тапшырмасын койду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG