Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Депутат Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону элге берүүнү сунуштады


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Ош шаарынын мэри алмашканын сынга алды. Ал парламенттин бүгүн, 30-ноябрдагы отурумунда бул маселени көтөрдү.

"Аткаруу бийлигине Ош шаары каалаган адамды алып барып отургузуп, кайра алып кете бергидей жерби? Алмаз Мамбетов жакшы иштеп жатат, жаңы баштап келе жаткан иштерин аягына чыгара алган жок. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону элге берели анда, эгер аткаруу бийлигинин колунан келбесе".

Депутат Ош шаарындагы таза суу көйгөйү бир да мэрдин тушунда чечилбей келе жатканын да кошумчалады.

29-ноябрда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан алынып, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Кыргызстандын 2021-жылдын январында кабыл алынган жаңы Конституциясына ылайык, шаар мэрлерин президент өзү дайындайт. Ага чейин мэрликке талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү.

Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2021-жылы шаардын бюджети 1 миллиард 370 миллион сомду түзгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG