Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Акаев: Жамгырчиевдин үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды (видео)


Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков.
Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев фракциялаштары Чыңгыз Айдарбеков жана Эмил Жамгырчиевдин чек арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалышына расмий түшүндүрмө талап кылды.


"Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбооруна каршы добуш бергени үчүн куугунтук уланып жатат. Эмил Жамгырчиев бардык сот инстанциялардан акталса дагы, эми анын ишин кайра жандантуу аракети табылып жатат. Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат добушу үчүн жооп бербейт. Мага, ЖК төрагасына күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бул боюнча түшүндүрмө берсин", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жанар Акаевдин сөзүнө жооп кылып, өзүнө УКМКдан эки депутат боюнча оозеки түшүндүрмө алганын айтты. Анын сөзүнө караганда, УКМК депутаттарды эч кандай кармоо болбогонун билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев ишемби күнү Казакстанга өтүп баратканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалып, кайра бошотулган. Алардын кармалышы боюнча УКМК маалымат берген эмес.

Депутаттар Айдарбеков да, Жамгырчиев да өздөрү тууралуу үн ката элек болчу.

Эки депутат кыргыз-өзбек чек арасы жана “Кемир-Абад” келишимине каршы добуш бергендердин катарында.

Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчилигинен кетишине да ушул келишимдеги документтердин ачыкталышын талап кылганы себеп болгон.

УКМК Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди 2020-жылы октябрь айында ири өлчөмдө пара алууга шектүү катары кармаган. 2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иши каралып, ал акталган.

2022-жылы "Альянс" фракциясына президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG