Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:59

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу 22 адамга айып тагылды


Каракалпакстандагы окуялар. Июль, 2022-жыл.
Каракалпакстандагы окуялар. Июль, 2022-жыл.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан Автоном Республикасындагы тополоңдорго байланыштуу соттук кароо 28-ноябрда Бухара шаарында башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту кабарлады.

Бул окуяларга байланыштуу 22 адам шектүү катары өтүп жатат. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “атайылап оор зыян келтирүү”, “атайылап адамдын денесине залал келтирүү”, “Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү”, “талап-тоноочулук”, “уурдоо жана бузуу”, “массалык баш аламандык”, “бейбаштык” жана башка беренелер боюнча айып тагылды.

Шектүүлөрдүн 20сы камакта жатат, бири үй камагында, дагы бири кепилдик менен коё берилген.

Мурдараак бул окуяларды иликтеген парламенттик комиссия 107 шектүүнү Башкы прокуратура коомдук кепилдик алып коё бергенин же үй камагына чыгарганын билдирген. Буга Каракалпакстандын парламентинин өтүнүчү себеп болгон. Комиссиянын мүчөлөрү соттук отурумга байкоочу катары катышат.

Каракалпакстандын борбору Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, 516 кармалган, кийин бир нечесин коё беришкен. Тиреште 21 адам каза болуп, 274 адам жабыркаган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG