Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державага айланууну көздөйт


Ким Чен Ын жубайы жана кызы менен ракета сыноосунда. 18-ноябрь, 2022-жыл
Ким Чен Ын жубайы жана кызы менен ракета сыноосунда. 18-ноябрь, 2022-жыл

"Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державага айланууга тийиш" деп билдирди жекшембиде аскерлер менен илимпоздорго кайрылуусунда өлкө жетекчиси Ким Чен Ын. Жолугушууда ал "Хвасон-17" континент аралык баллистикалык ракетаны учурууга катышкан кызматкерлерге сыйлык берүүнү тапшырды.

Ким Чен Ын ал ракетаны сыноого көп үмүт артат. Армиянын максаты деп “америкалык өзөктүк коркунучка туруштук берүүнү” атап келген Ким "Хвасон-17" ракетасын дүйнөдөгү эң кубаттуу стратегиялык курал деп эсептейт.

18-ноябрдагы сыноого Ким аялы жана 12 жаштагы кызы менен катышкан. Буга чейин мамлекет башчынын кызы эл алдына чыккан эмес. Коммунисттик Кореяда бийлик иш жүзүндө атасынан баласына өткөндүктөн, эксперттер ал ыктымал мураскери менен тааныштырды деп болжолдошот.

АКШ 21-ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултуп, Пхеньяндын атомдук сыноолорун талкуулоону талап кылган. Ким Чен Ындын карындашы, бийликтеги Эмгек партиясынын төрагасынын орун басары Ким Ё Чжон Коопсуздук кеңешин “кош стандарт” саясаты жана провокация үчүн айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG