Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Аятолла Али Хаменеинин жээни Иран режимин "кандуу" деп атаганы үчүн кармалды


Мохабад шаарындагы акция. Ноябрь, 2022-жыл
Мохабад шаарындагы акция. Ноябрь, 2022-жыл

Ирандын бийлиги жогорку лидер, аятолла Али Хаменеинин жээни таякеси жетектеген режимди “кандуу, балдарды өлтүргүч” деп сүрөттөгөн видео чыгаргандан кийин кармалды.

Фариде Морадхани Ирандын бийлигине оппозициялык көз караштагы үй-бүлө мүчөсү, буга чейин абакта отуруп чыккан. Агасы Махмуд Морадхани карындашы 23-ноябрда прокуратурага чакырылгандан кийин кармалганын Твиттерге жазды.

27-ноябрда Махмуд Фариденин ирандыктар туш болгон “көз көрүнөө басым-кысымды” айыптаган видеосун Ютубга жайгаштырган. Видео качан жаздырылганы белгисиз.

Фариде Морадхани Хаменеинин бир тууган карындашы, 1980-жылдары үй-бүлөсү менен пикири келишпей Иракка качкан Бадринин кызы.

Ислам жумуриятында сентябрдан бери нааразылык акциялар уланып келатат. Хижабды туура эмес салынган деген доомат менен студент-кыз Махса Амини кармалып, полиция бөлүмүндө көз жумгандан кийин тутанган митинг, демонстрацияларга байланыштуу 14 миңдей киши камалганын БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты билдирди.

Ирандагы адам укуктарына байкоо салган норвегиялык уюмдун санагында, акцияларды күч менен басуу маалында бери дегенде 416 киши, арасында 51 бала каза тапты.

Фариде Морадхани жогоруда айтылган видеодо соңку репрессияларга байланыштуу Тегеранга салынган санкциялар “күлкү келтирерин” айтып, ирандыктар эркиндик үчүн күрөштө жалгыз калганын сындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG