Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:07

Ооруканалардагы тейлөөнүн сапатына нааразы болгондор министрликке кайрылды


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына кайрылгандардын жарымынан көбү акысыз же арзандатылган дарыланууну суранганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-ноябрына чейин жалпы 300дөй киши коомдук кабылдамага кат түрүндө кайрылган. Алардын 50% арзандатылган же акысыз дарыланууну, дарыланууга каржылык жардам көрсөтүүнү сурангандар түзгөн. 30% мамлекеттик жана менчик ооруканаларда тейлөөнүн сапатсыздыгына арызданышкан. 20% жеңилдетүү менен берилген дарыларды сурап кайрылган.

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларда дарылануу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каржылоосу менен ишке ашат. 2021-жылдагы маалыматтар боюнча өлкөдө 126 стационардык оорукана, 1057 фельдшер-акушердик пункт, 686 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 61 жалпы дарыгерлердин практика борбору жана 17 үй-бүлөлүк медицина борбору бар.

Онкологиялык дарттар, туберкулез, ВИЧ/СПИД оорусу, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги сыяктуу дарттар акысыз дарылоо категориясына кирет.

Балдар, пенсионерлер жана кош бойлуу аялдарга жеңилдиктер каралган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG