Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Иранда белгилүү футболчу камакка алынды


Вурия Гафури
Вурия Гафури

Ирандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурунку оюнчусу Вурия Гафурини полиция бейшембиде машыгуудан чыгып келе жатканда кармап, камакка алынды. Гафуринин кармалганын күрттөрдүн Hengaw укук коргоо уюму тастыктады. Ал "мамлекетке каршы үгүт" үчүн айыпталып жатканы кабарланууда.

Гафури Иранды демократиялык өлкөгө айландырууну, аялдардын укугун коргоону ачык жактап, сентябрдан бери жалпы өлкөдө жүрүп жаткан нааразылык акцияларын колдоп турган.

Вурия Гафури Иранда кысымга алынып келген күрт азчылыгынын өкүлү. Футболдогу карьерасы учурунда да баштан-аяк Иранды демократиялаштырууну жактап келген. Ал аялдарга футбол көрүүгө тыюу салууга каршы чыккан. Өлкөнүн тышкы саясатын да жактырбагандардын бири.

Сентябрда Иранда теги күрт 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин ал кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, нааразылык акцияларын кубаттаган.

Коомдогу позициясы үчүн Гафури былтыр "Эстеглал" футбол командасынын капитандыгынан бошотулган. Спорттогу ийгиликтерине карабай быйыл Катарда өтүп жаткан футбол чемпионатына катышуучу курама командага киргизилген эмес.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Ирандын курамасы Англия менен беттештин алдында өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартты. Бул жалпы команданын Ирандагы жапырт камоолорго каршы бирдиктүү чечими болгону айтылган. Күйөрмандары да команданын чечимин кубаттап атышты.

Ирандагы массалык нааразылыктар 22 жаштагы кыз Махсы Амина адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көп өтпөй көз жумгандан кийин башталган.

Үч айдан бери борбор калаа Тегеран баштаган жалпы өлкөдө бийликке каршы массалык нааразылыктар өтүп жатат. Полиция аларга карата катаал чараларды көрүүдө.

Укук коргоочулардын маалымдашынча, күч кызматтары 326 адамды, анын ичинде 43 баланы өлтүрүшкөнүн, 15 миңден ашуун адамды камады. 14-ноябрда каршылыктын катышуучусу сот чечими менен өлүм жазасына тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG