Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Курултайда Баткенди калыбына келтирүү жай жүрүп жатканы айтылды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканы Элдик курултайда да көтөрүлдү. 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан курултайдын экинчи күнүндө бул маселени Баткен шаарынан келген делегат Кайым Айкынов айтып чыкты. Ал чек арада эң биринчи коопсуздук камсыз кылып берүүгө чакырды.

“Быйылкы согушта 360тан ашык үй күйдү. Азыр алар курулууда. “Курулуш үч айда бүтүп эл кышка чейин үйлөргө кирет” деген сөз болду эле. Тургундар, куруучулар менен сүйлөшсөм, үйлөр быйыл бүткүдөй эмес. Ушуга бирөө-жарым жооп береби? Же президенттин сөзү аткарылбаса боло береби?”.

Баткенде турак жайлардын курулушу жай жүрүп жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, Министрлер кабинетине сын айтылган.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

Төрт мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн. Финансы министрлиги Баткен облусунда чек ара чырында талкаланган турак жайларды курууга 1 млрд. сом, жолду, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 365 млн. сом, чек ара постторун калыбына келтирүү үчүн Чек ара кызматына 129 млн. сом, Ички иштер министрлигине (ИИМ) 137 млн. сом бөлүнгөнүн билдирген.

“Озоди” жергиликтүү элге таянып, тажик тараптан турак жайлар, социалдык объектилер талкаланганын жазган. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG