Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Өзбекстанда эки компанияга крипто-дүкөн иштетүүгө лицензия берилди


Өзбекстанда крипто-дүкөн иштетүү үчүн биринчи лицензиялар Crypto Trade NET жана "Крипто Маркет" ишканаларына берилди. Бул тууралуу Келечектүү долбоорлор улуттук агенттиги маалымдады.

Мекеменин сайтындагы кабарда аталган эки компания Борбор Азия аймагындагы жана КМШдагы биринчи крипто-дүкөндөр экени белгиленген.

Ошол эле учурда мекеме өзбекстандыктарды өтө сак болууга, өлкө аймагында иштөөгө лицензиясы жок электрондук аянтчалардын кызматынан пайдаланбоого чакырды.

Буга чейин Өзбекстанда лицензиясы жоктугуна байланыштуу чет элдик криптобиржаларга бөгөт коюлганы айтылган.

Криптовалюта – санарип акчанын түрү.

Кыргызстанда криптовалютанын Биткоинден тышкары TYVcoin, Tolkcoin, Elcoin, Altyncoin, Nephelicoin, Kgcoin өңдүү онго чукул түрү тараган. Соңку кездери криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул жааттагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG