Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Дүйнөлүк чемпионат: Иран Уэльсти 2:0 эсебинде утту


Иран футболчуларынын сүрөөнчүсү Тегеранда абакта каза болгон 22 жаштагы Махса Амининин ысымы жазылган футболканы кармап турат. Аминини полиция "хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап, кийин ал көз жумган.
Иран футболчуларынын сүрөөнчүсү Тегеранда абакта каза болгон 22 жаштагы Махса Амининин ысымы жазылган футболканы кармап турат. Аминини полиция "хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап, кийин ал көз жумган.

Дүйнөлүк футбол чемпионатында В тобундагы беттеште Иран Уэльсти 2:0 эсебинде жеңди.

25-ноябрдагы оюнда Рузбех Чешми менен Рамин Резаэяндын голдору Иранга атактуу жеңишти алып келди. Муну менен алар тайпадан Англиядан кийинки экинчи орунга чыгышты. Ушул күнү Англия АКШ менен беттешет.

Англия чемпионатка фавориттердин катарында келген. Алар биринчи беттешин Иранга каршы ийгиликтүү ойноп, 6:2 менен жеңген. АКШ менен Уэльстин беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Бул чемпионат Иранда кыз-келиндердин укугунун корголушун талап кылган нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди. 21-ноябрда оюн талаасына чыккан ирандык футболчулар мекенинде режимге каршы чыгып жаткандарга тилектештик билдирип, өлкөсүнүн гимнин ырдабай коюшкан.

20-ноябрда башталган чемпионаттын алкагындагы оюндар Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өткөрүлүүдө. Катардагы климатка байланыштуу күз-кышкы мезгилде уюштурулган чемпионатка 200 миллиард доллар сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG