Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Украина: айрым аймактарда суу менен жарык берүү калыбына келтирилди


Жарыксыз калган Киев шаары.
Жарыксыз калган Киев шаары.

Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде баш калаа Киевде суу жана жарык берүү калыбына келтирилди. 23-ноябрдагы орус армиясынын аба соккуларынан 2,8 миллион калкы бар борбор шаардын 70% жарыксыз, көп бөлүгү суусуз калган.

"Адистер түнү бою иштешти", -деп жазды Телеграмга Киевдин мэри Виталий Кличко.

Полтава облусунда 15,5 миң адам жарыксыз калган. Ал жакта да жарык берүү калыбына келтирилгени кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Орусиянын ар кандай инфраструктураларды аткылоосун токтотуу үчүн чара көрүүгө жана Москваны вето коюу укугунан ажыратууга чакырды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу элчиси Василий Небензя Батыш Украинанын курал-жабдык менен камсыздап жатышына жооп катары Москва маанилүү обьектилерге сокку уруп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG