Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

ЖККУ саммити: Пашинян уюмдун беделине доо кеткенин билдирди


Армян күч кызматкерлери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Армян күч кызматкерлери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Армениянын борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өтүп жаткан Паронян көчөсүнөн төрт кишини полиция кармап кетти. Аларды кармоонун себеби азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, кармалгандардын арасында Армениянын Европа партиясынын төрагасы Тигран Хзмалян да бар. Ал кармоо учурунда тарткан сүрөттөрүн Фейсбукка жарыялаганга жетишкен.

Паронян көчөсүндөгү "Двин" комплексинде ЖККУ лидерлеринин саммити өтүп жатат. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин да катышууда.

22-ноябрдан бери Ереванда Путиндин анын сапарына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити 23-ноябрда башталды. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сөзүн бул аскердик түзүмдүн ишмердүүлүгүн сындоо менен баштады.

Ал Казакстандагы Январь окуясында уюмдун жигердүүлүгүн мисал келтирип, бирок Азербайжан менен кагылыш учурунда Арменияны колдобогонун белгиледи. Пашинян муну уюмдун беделине доо кетирүү катары сыпаттады.

Казакстандык белгилүү саясатчы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун баш катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал 2023-жылдан баштап үч жыл бою бул кызматты аркалайт. Акыркы үч жылда баш катчы болуп беларустук мамлекеттик ишмер Станислав Зась иштеди.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгы жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG