Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Орусиядан Түндүк Европага мунай жеткирүү 90% кыскарды 


Роттердам портундагы орусиялык мунай танкери.
Роттердам портундагы орусиялык мунай танкери.

2022-жылдын февралынан бери Орусиядан Түндүк Европага мунай жеткирүү 90% кыскарды. Мурда суткасына 1 миллион 200 миң баррель мунай жеткирилсе, учурда бул көрсөткүч 95 миң баррелди түзүүдө. Эки аптадан кийин орус мунайына карата европалык санкциялар ишке ашат деп күтүлүүп жатканын Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Европага мунайды деңиз аркылуу жеткирүү азыр Роттердам багытында гана ишке ашырылууда.

Литва, Франция жана Германия бир нече ай мурун орусиялык мунай импортун токтотушкан. Сентябрда Польша да мунай сатып алууну токтоткон. Бүгүнкү күндө орус мунайынын төрттөн үч бөлүгү деңиз аркылуу Азияга ташылат. Индия орус мунайын арзан баада сатып алууда.

Агенттик Орусиянын мунай экспорту суткасына 2,57 миллион баррелге чейин төмөндөгөнүн билдирди. Кытай, Индия жана Түркия арзан баада күнүнө 2,45 миллион баррель мунай сатып алууда.

Октябрда Орусия Индияга суткасына 1 миллион баррель мунай саткан жана бул өлкөнүн эң ири мунай берүүчү өлкөсүнө айланган. Бирок учурда Индиянын компаниялары Орусиядан мунай сатып алууга буйрутма бере элек. Анткени Орусияга киргизиле турган жаңы санкциялар 5-декабрдан тарта Евробиримдик, АКШ, Канада жана Жапонияга деңиз аркылуу мунай экспортуна эмбарго киргизүүнү көздөйт.

Ошондой эле, бул санкциялардын алкагында башка өлкөлөрдүн портторунда орус мунайынын баасы 1 баррелине белгиленген нормадан ашып кетсе, аны камсыздандырууга жана ташууга тыюу салынат. Орус мунайынын баасы азырынча тактала элек, бирок анын 1 баррели 63-64 доллардын тегерегинде болушу күтүлүүдө.

Кремль мунайдын өзүнүн кызыкчылыгына туура келбеген баада сатуудан баш тартып, "кара алтын" өндүрүүнү азайтышы мүмкүн экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG