Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Кыргызстанда азыркы кезде иштеп жаткан 23 жогорку кесиптик медициналык билим берүү мекемесинин арасынан бешөөнүн гана эл аралык аккредитациясы бар экенин 23-ноябрда “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Казакстандагы “Аккредитация жана рейтинг көз каранды эмес агенттиги” коммерциялык эмес уюму аркылуу үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө аккредитацияда өткөн И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Адам университети, Кыргызстан эл аралык университети жана Жогорку медициналык эл аралык мектеп. Мындан тышкары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин программасы да аккредитациядан өткөн, жыйынтыгы декабрь айында чыгат.

Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана окуу жайларына кабыл алынары тууралуу өкмөт токтому 21-ноябрда жарыяланган.

Токтомдо айтылгандай, мындай чара медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын деңгээлин жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн көрүлүп жатат.

Чет өлкөлүк студенттерди мындан ары Медициналык билим берүүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясында катталган чет элдик агенттиктер аркылуу кеминде үч жылдык аккредитация алган медициналык жогорку окуу жайлары гана кабыл ала алышат.

Тышкы иштер министрлиги да визаны ошондой окуу жайларында окуй турган абитуриенттер менен студенттерге берет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG