Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Кыргыз-түрк парламент төрагалары "ФЕТО" маселесин талкуулашты


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп. Анкара. 22-ноябрь.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп. Анкара. 22-ноябрь.

22-ноябрда Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусунда “ФЕТО” (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) уюму жөнүндө маселе көтөрдү.

Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" агенттиги маалымат таратты.

"Дос жана боордош өлкөлөргө ФЕТОго каршы эскертүүнү улантып жатабыз. Бул маселеде кыргыз бийлигинин позициясына ыраазыбыз. Кызматташтыгыбызды улантууну каалайбыз”, - деди Шентоп.

Кийин түрк парламентинин төрагасы Твиттердеги баракчасына Түркия кыймыл менен күрөшүүдө кыргыз бийлигинен колдоо күткөнүн жазды.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен парламентте жолугуштук. Жолугушууда биз эки дос өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жүрүшүнө канааттангандыгыбызды, "ФЕТО" террордук уюму менен күрөшүүдө колдоо жана кызматташууну күткөнүбүздү билдирдик".

Нурланбек Шакиев Анкарада кыргыз тарап буга чейин эле 2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракетин кескин айыптаганын, бул багытта эки өлкөнүн укук коргоо органдары иш алып барып жатканын билдирди.

"ФЕТО" уюму боюнча Кыргызстандын көз карашы сиздерге белгилүү. Биз ошол окуяны кескин айыптаганбыз. Ошол маалда кыргыз эли түрк эли менен санаалаш болуп, тынчсыздандыруусун билдирген. Биз ал уюмдун кылмыштуу аракеттерин кескин айыптаганбыз, дагы да айыптайбыз. Бул багытта эки өлкөнүн тийиштүү укук коргоо органдарынын иштери жүрүп жатат. Эки тарап тил табышып, иш алып барууда", - деди Шакиев.

Буга чейин быйыл июнда президент Садыр Жапаров менен Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Бишкекте жолуккан. Анда эки тараптуу кызматташтык талкууланып, түрк тарап “ФЕТО” уюму жөнүндө дагы бир жолу маселе көтөргөн.

Андан кийин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев "ФЕТО" маселеси Түркиянын ички иши экенин, аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенишинин алкагында талкуулоо зарылдыгын" белгилеген.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. "Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоосун четке каккан.

Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG