Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Латвиянын мектептеринде орус тилин окутууга тыюу салуу сунушталды


Латвиянын Билим берүү жана илим министрлиги 2026-2027-окуу жылынан баштап мектептерде орус тилин экинчи чет тили катары окутууну жокко чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Delfi басылмасы жазды.

Министрликтин сунушуна ылайык, экинчи чет тили катары Европа биримдигиндеги тилдердин бирин же билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдерде көрсөтүлгөн чет тилин тандоо мүмкүн болот.

Расмий түшүндүрмөдө бул чара жаштарды европалык билим берүү мейкиндигине тартууга жана Евробиримдиктин расмий тилдерин үйрөнүүгө жардам берери белгиленген.

Латвияда биринчи чет тилин окутуу 1-класстан эле башталат. Көбүнчө англис тили окутулат. Экинчи чет тили 4-класстан баштап окутулат. Бул тилди тандоо мыйзам менен аныктала элек, аны мектеп өзү сунуштай алат.

Алдыдагы үч жылда бийлик мектептерди экинчи чет тилин үйрөткөн мугалимдер менен камсыз кылууга ниеттенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG