Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Эдил Байсалов HRW уюмунун жетекчиси менен жолукту


Эдил Байсалов жана HRW уюмунун өкүлдөрү. 22-ноябрь, 2022-жыл.
Эдил Байсалов жана HRW уюмунун өкүлдөрү. 22-ноябрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууда кызматташтык жана адам укуктары боюнча маселе талкууланган.

Буга чейин Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна тынчыздануусун, "Азаттык Медианын" сайтынын эки айга жабылышын сындаган билдирүү тараткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG