Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Бишкекте кыз ала качууга шектелген эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кыз ала качууга шектелген эки адам кармалганын 22-ноябрда “Азаттыкка” Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда болгон.

20 жана 24 жаштагы эки жигит Токмок шаарын көздөй ала качып кетишкенин айткан кыз милицияга арыз жазып, бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин негизинде каттоого алынды.

Кылмышка шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыш болуп саналат. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG