Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Индонезияда жер титирөөдө кеминде 162 адамдын өмүрү кыйылды


Зилзаланын айынан аралда жашаган 14 миңдей адам там-ташынан ажырады.
Зилзаланын айынан аралда жашаган 14 миңдей адам там-ташынан ажырады.

Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдө бери дегенден 162 адам мерт болуп, дагы 300дөн ашык тургун жараат алды. Расмий маалыматка ылайык, аралда жашаган 14 миңдей киши там-ташынан ажырады жана алар учурда качкындар лагерлерине жайгаштырылды.

Батыш Ява провинциясынын башчысы Ридван Камил журналисттерге каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Зилзала болгон аймакта калк жыш жайгашкан жана жер көчкү коркунучу жогору болгон.

Индонезия сейсмикалык жактан өтө опурталдуу аймакта жайгашкан жана анда буга чейин жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган табигый кырсыктар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG