Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Дүйнөлүк чемпионат: Ирандын футболчулары гимн ырдоодон баш тартты


Иран курамасынын оюнчулары.
Иран курамасынын оюнчулары.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Ирандын курама командасынын оюнчулары беттеш алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышты.

Команда капитанынын айтымында, спортчулар мындай чечимди Иранда уланып жаткан жапырт нааразылык акцияларынын катышуучуларына тилектештик катары бир добуштан кабыл алышкан. Музыканы аткаруу учурунда оюнчулар унчукпай турушту. Күйөрмандар муну коштоду.

Андан кийин алар Англиянын командасы менен беттешип, 6:2 эсебинде утулду.

Сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы “хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини абакта каза болгондон кийин башталган нааразылык толкуну өлкөнүн ар кайсыл аймактарында уланууда.

Полиция нааразылыкка чыккандарды ырайымсыз куугунтуктап жатат. Укук коргоочулардын айтымында, мамлекеттик коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде 400дөн ашуун адам, анын ичинде 40тан көп бала өлдү. Он беш миңден ашык адам камалган. 14-ноябрда Ирандын соту демонстранттарга биринчи өлүм жазасын чыгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG